Султанбаев: Президенттин сөзүн туура чечмелөөнү өтүнөм

Султанбаев: Президенттин сөзүн туура чечмелөөнү өтүнөм

“Кыргыз жарандары Казакстандагы митингге катышышы мүмкүн экен” деген темада жаңылыкты бир катар орус басылмалары Садыр Жапаровдун билдирүүсүн чагылдырып жатышат. Буга байланыштуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө жазды.

«Кымбаттуу достор!
Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем.
Президент Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди.
Редакциялардан президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун билдирүүсүн бир катар орус басылмалары темасын “Кыргыз жарандары Казакстандагы митингге катышышы мүмкүн экен” деген өңүттө чагылдырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>