Адылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката тапты
Баткен: Талды-Булак жайлоосундагы өрт чектөөгө алынды
17.10.2022 | 20:59
Маалымат түшөр замат, ӨКМ куткаруучулары Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Талды-Булак жайлоосунда чыккан өрттү өчүрүүгө чыгышкан. Бул тууралуу аталган министрликтер билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 17-октябрь күнү аталган жайлоо аянтында райондогу Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 10, ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынан 6 куткаруучу жана кошумча күч катары токой чарба кызматынан 15 кызматкер тарабынан кол күч каражаттары менен өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп, тилсиз жоо чектөөгө алынган.
Кеч киргендигине байланыштуу, өрттү өчүрүү иштери эртең, 18-октябрь күнү улантылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар