Мал базардан акчасын алдырган карыянын окуясы боюнча иш козголду

Мал базардан акчасын алдырган карыянын окуясы боюнча иш козголду

Токмок шаарындагы мал базарда катталган аксакалдын акчасын уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-октябрь күнү интеренет мейкиндигинде жана «WhatsApp» мессенджериндеги тайпаларда “Токмок шаарындагы мал базарында болжол менен 75-85 жаштагы аксакалдын ашта союу үчүн мал ала турган 120 000 сом акчасы белгисиз адамдар тарабынан уурдалган” аталышындагы макала жарыяланган. Ошол эле мезгилде удаа эле «Кайрымдуу жана боорукер кыргыз жигиттери ошол жерден 500-1000 сомдон акча чогултуп беришти» деген видео социалдык тармактарда жана ар кандай тайпаларда жарыяланган.

Бул окуя боюнча Токмок ШИИБне жана ошол жерде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине эч ким, эч кандай маалымат жана арыз менен кайрылган эмес.
Социалдык тармакка чыккан факт 2022-жылдын 16-октябрында Токмок ШИИБдин электрондук маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

  • Текшерүү убагында акчасын уурдаткан аксалдын өздүгү аныкталып, ал 1943-жылы туулган К.М. аттуу жаран болуп аныкталды.

2022-жылдын 17-октябрында Чүй ОИИББдин жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги тарабынан акчасын уурдаткан аксакалдын үйүнө барып сүйлөшүү иштери жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында 1943-жылы туулган К.М. аттуу аксакал арызы менен кайрылган. Ал арызында 2022-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 9.00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарынан анын курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар каза болгон баласынын ашына сойгону жылкы ала турган 120000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, аларга чара көөрүнү суранган.

Ошол эле күнү аталган факты боюнча Токмок ШИИБнүн КБРне катталып Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-берене (Урулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда жогорудагы коомчулукка резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй облусунун ИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү иш алып барууда.

Ошондой эле Токмок ШИИБдин өздүк курамы тарабынан жогорудагы кылмыш боюнча күбөөлөрдү жана кылмышкерлерди аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул кылмыш ишинин жүрүшү ИИМ жетекчилиги тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча дагы кошумча маалымат берилет.

Ошондой эле токтоло кетсек, жабырлануучу тарап блогерлерди жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн анын жашына жана ден-соолугуна байланыштуу тынчын албасын суранууда.

Мал базарда 120 миң сом уурдаткан карыя: Милиция эмне дейт?

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>