ИИМ жарандарды алдамчылардан абайлоого чакырды

ИИМ жарандарды алдамчылардан абайлоого чакырды

Алдамчылар Баткенде чек ара жаңжалында жабыркагандарга жардам берүү шылтоосу менен социалдык тармактарда ар кандай банктык эсептерди ачууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусундагы чек ара чыр-чатагынын кесепетинен 62 жаран каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракат алып, 430дан ашык үй, мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланып, ал эми 136 миң 770 жаран үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Тилекке каршы  мындай учурларды пайдаланып, адам баласынын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар дагы бар болууда.

“Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз.

Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, анын үстүнө посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокердин сүрөтүн тиркеп коюшкан”, — деп айтылат билдирүудө.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банктык эсептер  расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>