Кыргызстандын Кытай менен товар жүгүртүүсү 27 млрд долларга жетти — Айыл чарба министрлигиЫсык-Көлгө 3,7 миллион даана балык чабагы коё берилдиКыргызстандык мектеп окуучулары Тажикстандын парламентинде болуштуБишкекте ишкерлер менен инвесторлорду бириктирген эл аралык көргөзмө өтүүдөСагынабызбы? Депутаттар сентябрга чейин каникулга тараштыБишкектин айрым көчөлөрүндө 26-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулат
Баткен: Той берген милиция кызматкери жазаланып, тойкана ээсине иш козголду
16.09.2020 | 14:49
Баткенде той өткөргөн милиция кызматкерине жана тойкана ээсине чара көрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук штаб тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы жана кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда, үйдө той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн.
Жергиликтүү бийлик, күн сайын атайын рейддерди уюштуруп, талаптарды аткарбагандарга белгилеген тартипте чара көрүүдө.
Мына ушундай иш чаранын алкагында буга чейин той өткөргөнү белгилүү болгон милиция кызматкери боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, ага тартиптик жаза берилген.
Ал эми тойкана ээсине Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30 миң сом айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар