Баткен: Төрт-Көчөдө бейтарап тилке түзүлүп, үйлөр алынат, — президент

Баткен: Төрт-Көчөдө бейтарап тилке түзүлүп, үйлөр алынат, — президент

Баткен облусунун Төрт-Көчө тилкесинде бир нече чарчы түзгөн болгон бейтарап тилке түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында президент Садыр Жапаров билдирди.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров юстиция министри Аяз Баетовго кайрылып, суроо узаткан. Бирок анын жообуна ынабагандыктан, министрди «сабатсыз» деп атаган. Андан кийин Мадумаровдун сөзүнө президент жооп кайтарды.

«Юстиция министринин дарегине «сабатсызсыз» деп катуу айтып кеттиңиз. Бул сиздин сүймөнчүк сөзүңүз. Бул министр сизден сабаттуулугу жагынан кем калбайт, ашса ашып кетет. 30 жылда ала албай келе жаткан «Кумтөрдү» алууда опол тоойдой салым кошту», — деди ал.

Сөзүн улай президент убагына «сабаттуулар» берип жиберген жерлерди «сатабсыздар» кайтарып жатканын айтты.

«Сиз (депутат Адахан Мадумаровго — ред.) Төрт-Көчө боюнча протоколго кол коюп, берип жиберген боюнча… Сиз аны мыйзамсыз, дааратканага коюш керек деп жатасыз. Бирок ал тарап (Тажикстан — ред.) барбайт экен. Мына деп көрсөтүп туруп алат экен. Өткөндө Астанадага үч тараптуу (Жапаров, Путин жана Рахмон – ред.) жолугушууда да «кол коюп, аткара бербейт» деп көрсөттү. Андан кийин Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу жолугуп келди. Бейтараптуу, кво-статусун бердирип жатабыз. Ошого макул кылдык. Кийин айнып кетпесе эле, сеники да эмес, меники да эмес болсун дедик. Биз Лейлекке түз өтөбүз, алар Кожалыдан (Хожаи Аъло) Ворухка түз өтөт. Ортодо бир нече чарчы метр жер бейтарап зона болот. Ортодогу үйлөр алынат. Тажикстан тараптан 20га жакын, бизден үч-төрт үй алынат. Сен сабатсызсың, мен сабаттуумун деп бири-бирибизди дайыны жок күнөөлөй бербейли. Сабаттуулар кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>