Жапаров юстиция министрине болушуп, Мадумаровго жооп кайтарды

Жапаров юстиция министрине болушуп, Мадумаровго жооп кайтарды

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйынында президент Садыр Жапаров юстиция министри Аяз Баетовго болушуп, депутат Адахан Мадумаровго жооп кайтарды.

Президент жыйында депутат Мадумаров юстиция министринин дарегине “сабатсыз экенсиз” деп катуу сын айтканын белгиледи.

“Бул министр сабаттуулугу жагынан сизден ашса, ашат бирок кем калбайт. Англис, орус, кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт. Эл аралык юридикалык маселелерин чечүүдө, “Кумтөр” кенин алуу иштерине опол тоодой салым кошкон. Түнкү саат үчтө ойготуп, конституцияны, мыйзамды сурасаңыз айтып берет”, — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал “мурда сабаттуулар берип жиберген жерлерди бүгүн, биз сабатсыздар кайтарып алып келип жатабыз. Сабаттуулар кандай иштерди жасаганын көрүп жүрөбүз”, деп кошумчалады.

Буга чейин депутат Мадумаров кечээ кабыл алынган «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамы тууралуу сөз кылган.

“Жаңы регламент боюнча 65-берененин 4-пунктунда эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Конституциялык соттун корутундусу сөзсүз керек деп так жазылып турат. Адилет министри барбы? Ким жооп берет?”, — деп сураган депутат.

Өз кезегинде юстиция министри Аяз Баетов азыркы регламенттеги ушундай норма мурунку регламентте дагы бар экенин айтты.

«Сиздер ай сайын канчалаган эл аралык келишимдерди ратификациядан өткөрүп жатасыңар. Алардын ар бирине Конституциялык сот чечим чыгарып бербейт. Конституцияда жазылып тургандай, аларга кайрылган күндө гана корутунду чыгарып берет”, — деп жооп берди Баетов.

Министрдин жообуна канааттанбаган депутат Мадумаров, “анда сабатсыз экенсиз”, деп, чек ара маселеси мыйзамсыз каралып жатканын айткан.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>