Баткен: Үч айда он миңдей жол эреже бузулду

Баткен: Үч айда он миңдей жол эреже бузулду

Баткенде 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган. Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин 2023-жылдын 3 ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме болуп өттү. Анда жол кырсыгын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан бөлүмчөлөргө тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Жол инспекторлору тарабынан 3 ай ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу
фактылары үчүн 9814 протокол толтурулган.

Алардын ичинен, унаага тийиштүү документтери жок айдоо-182,

мас абалында унаа башкаруу-189,

ылдамдыкты ашыруу-1513,

унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо -21,

коопсуздук курун тагынбай унаа башкаруу -4080, ар кандай жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 3829 аныкталса, 480 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жол эреже

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>