Тажикстандын агрессиясы: Канча адам ооруканадан чыкты?

Тажикстандын агрессиясы: Канча адам ооруканадан чыкты?

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган 115 бейтап ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бейтаптардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарылануудан өтүүдө. Алардын ичинен Улуттук госпиталда 76 киши дарыланууда, 18 адам ооруканадан чыгарылган. Эне жана баланы коргоо борборунда тогуз бейтаптын үчөө, Хирургия борборуна жаткырылган жети бейтаптын төртөө чыккан. Тез жардам клиникасында беш адам дарыланууда. Үчөө бейтапканадан чыгарылган.

Ал эми Ош облустук ооруканада 21 бейтап, Баткен облустук бейтапканада төрт адам жатат. Ооруканадан чыгарылгандар амбулатордук дарыланууда болот.

Ошондой эле реанимациядан которулган бейтаптардын абалы туруктуу. Алдыда алардын айрымдарына пландык операциялар жасалат.

Куралдуу кагылышта жабыркагандардын саны 206 кишини түзгөн.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 62 киши, анын ичинде 50 аскер кызматкери курман болуп, 206 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>