Баткенде 2 млн сомдук аткезчилик өзгөн күрүчү кармалды

Баткенде 2 млн сомдук аткезчилик өзгөн күрүчү кармалды

Баткен облусунда аткезчилик жол менен жүк ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-мартта УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан контрабандага каршы аракеттенүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Кыргызстандын С.С.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда жүк салуучу бөлүгүнөн күрүч (Өзгөн) түрүндөгү жалпы салмагы 16 тонна (болжолдуу баасы 2 млн сомго жакын) контрабандалык жүк табылган.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>