Баткенде 30 млн долларга ГЭС курулуп, «Бүргөндү» магистралдык каналы кеңейтилүүдө

03.06.2026 | 18:00
касымлиев

Баткен облусунда кубаттуулугу 22 МВт болгон «Охна» кичи ГЭСинин масштабдуу курулушу жана «Бүргөндү» стратегиялык сугат каналын реконструкциялоо иштери башталды. Объекттердеги иштин жүрүшү менен Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев таанышып, курулушту сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Кадамжай районундагы «Бүргөндү» каналынын башкы курулмасын реконструкциялоо анын суу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн секундасына 18ден 30 куб метрге чейин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Долбоор үч этапка бөлүнгөн жана Баткен аймагынын ирригациялык системаларын жана сугат жерлерин суу менен камсыздоону түп-тамырынан бери жакшыртууга багытталган.

Муну менен катар, Орозбеков айыл аймагында сметалык баасы 30 млн АКШ долларын түзгөн «Охна» гидроэлектростанциясы курулууда. Бул объекттин ишке кириши экологиялык таза энергиянын кошумча көлөмүн иштеп чыгарууну камсыздайт, бул Кадамжай районунда энергетикалык коопсуздукту олуттуу чыңдап, жаңы жумуш орундарын түзөт.

Теги: кабмин
Scroll to Top