Баткенде 3,5 тонна аткезчилик алма менен өзбек жараны кармалды

Баткенде 3,5 тонна аткезчилик алма менен өзбек жараны кармалды

Баткенде бажычылар 3,5 тоннадан ашык алманы аткезчилик жол менен ташып бараткан жаранды кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Пульгон айылындагы Кадамжай “МТ” көчмө постунда О.Р.А  аттуу өзбек жаранынын башкаруусунда Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок ар бири 26 кг салмактагы 136 кап алма табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 3536 кг.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 176 миң 800 сомду түзгөн.

Жагдайлар такталып, маселе маңызы боюнча чечилгенге чейин жогоруда аталган унаа товары менен “Кайырма Дума” ЖЧКсынын убактылуу сактоочу кампасынын аймагына коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>