Бишкекте сүрөтчү Абдыжапар Омурчиевдин жаркын элесине арналган көргөзмө ачылатБишкектин айрым аймактарында үч күнгө газ өчүрүлөт — райондорКыргызстан алты айда 20 миң тоннага жакын сүт азыктарын экспорттоду2,1 млн сомдук авиабилет алдамчылыгы: Бишкекте шектүү кармалдыБыйылкы «Дүйнө сулуусу» сынагына Кыргызстандын атынан Саадат Асылбекова катышатБашкы прокуратура жол курууда бюджетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин аныктады
Аткезчилик үчүн колдонулган 2 унаа мамлекетке алынды
24.11.2022 | 10:13
Баткен райондук сотунун чечими менен эки автоунаа мамлекеттин эсебине конфискацияланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, 25-сентябрда жана 15-октябрда Баткен облусунда аткезчилик жолу менен жүк ташыгандар колго түшкөн.
Соттун чечими менен алардын «Тойота Превиа» жана «Хюндай Портер» үлгүсүндөгү унаалары мамлекеттин эсебине алынды.
Жакында эле күчүнө кирген мыйзамга ылайык, контрабандалык товар менен кармалгандардын унаалары конфискациялана баштады.
10 күн мурда Баткен райондук сотунун чечими менен аткезчилик жолу менен тамеки ташыган жарандын «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасы алынган.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом