Депутат Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын өч алуу деп атады

Депутат Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышын өч алуу деп атады

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын чыгарылышын сынга алып, бул аракет өч алуу экенин билдирди.

Депутат Конституцияда Кыргызстандын жараны атуулдуктан ажыратылбайт деп жазылганын белгиледи.

«Тилекке каршы, ага карабай, кечээ кыргызды кыргыз Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарды. Аны айтпаса болбойт. Бул ашыкча болуп жатат. Соттун чечим чыга электе, милиция Болот Темировду залдан чыгарып, аэропортко алып барып, Москвага жөнөтүп койду. Ал иликтөө жасап, кээ бир кишилерге жакпай турганын түшүнүп жатам. Өчүн алып, укук коргоо органдары, соттор менен пайдаланып мындай кылуу туура эмес. Бул аракеттер мыйзамсыз.

Азыр баалар өсүп, инфляция болгондуктан, коомчулук саясатка аралашпай, көңүл бурбай жатат. Эл аралык уюмдарга таң калып жатам, алар муну мыйзамсыз деп айтып, ошол эле кезде бизге гранттарды берип жатат. Бул маселени да кароо керек. Укук коргоо органдарын пайдаланып жүрө берсе, Афганистандай болуп калабыз. Дээрлик Афганистан болуп калдык», — деди депутат.

Эскерте кетсек, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды. Соттун өкүмү дароо аткарылып, Темиров ошол эле күнү кечинде Россияга депортацияланды.

Буга чейин, 28-сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» иштери боюнча актаган. Ал эми «документти жасалмалоо» иши боюнча Темиров жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза берилген эмес. Райондук соттун бул чечимдери өзгөртүүсүз калтырылды.

Быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Сот журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>