Өзбекстандан ташылып келе жаткан 1 тоннадан ашык коон кармалды

Өзбекстандан ташылып келе жаткан 1 тоннадан ашык коон кармалды

Баткен облусунда Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 1 тоннадан ашык коон кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери чек ара кызматкерлери менен биргеликте Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан Кыргызстанга кирип келе жаткан «К.У.О.» аттуу кыргыз жараны башкарган «Ford Transit» унаасын токтотуп, текшерүүгө алган. Унааны текшерүү учурунда наркы 30 миң сом болгон 1,2 тонна коон табылган.

Коонду мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаранга Бажы кызматы тарабынан 60 миң сом айып пул салынган.

«К.У.О.» аттуу жаранга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 372-1-беренесине ылайык 60 миң сом айып салынган. Товар 7 миң 400 сом өлчөмүндө эки эселенген бажы төлөмдөрүн алуу менен таризделди. Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык «Ford Transit» унаасына тиешелүү материалдар конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.  

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>