Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Баткенде бир нече жол жабылды – тизме
17.09.2022 | 16:52
Баткен облусунда бир нече унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой Баткен облусунун Ош – Баткен – Исфана унаа жолунун 211-220 (Чоң-Талаа), 265 (Кара айыл бөлүгү) менен 272-чакырымдары (Төрт-Көчө бөлүгү) жана Баткен – Кара-Бак, Баткен – Кызыл-Бел жолдору жабык. Ошондой эле минометтун снарядынан Көк-Таш –Ак-Сай жолунун 7-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жол жабылган.
Андан тышкары Лейлек районунун Кайрагач – Кулунду – Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош – Баткен – Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабык.
Ошол эле учурда Төрт-Күл – Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай – Рават, Миң-Булак – Чорго Ак-Сай, Көк-Таш – Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом