Баткендеги дүкөндөн 470 миң сомдук кийим уурдаган жигиттер кармалды

Баткендеги дүкөндөн 470 миң сомдук кийим уурдаган жигиттер кармалды

Баткен шаарында дүкөндөн кийим уурдоого шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Бужум айылынын 30 жаштагы тургуну 2023-жылдын 18-февралына караган түнү Баткен шаарындагы эркек кишилердин кийимин сатуучу дүкөнүнөн белгисиз жарандар жалпы суммасы 470 миң 600 сомдук болгон сатыкта турган кийим-кечелерин уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.

Бул арыз Баткен ШИИБдин Кылмыштардын Бирдиктүү реестирине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, ШИИБдин кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрө баштаган. Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын негизинде 9-март күнү Баткен шаарынын 18 жаштагы беш тургуну жана 17 жаштагы бир тургуну аныкталып, кармалды.

Кармалган учурда алардын жанынан далилдүү буюм катары кийим-кечелер алынган. Учурда 18 жаштагы беш жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>