Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калтырылды

Теңгиз Бөлтүрүк дагы эки айга камакта калтырылды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-майга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-мартта Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин ал 10-мартка чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Быйыл 27-февралда Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровго кат жолдоп, кечирим сураган. Ал эми 9-мартта анын жубайы Ильмира Алпысбаева жолдошунун ден соолугу начарлаганын айтып чыгып, өзүнө карата коркутуулар болгонун билдирген.

Түрмөдө өлтүрөсүңөрбү? Бөлтүрүктүн жубайы жолдошунун диагнозун айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>