Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Баткенде эки сержант сууда агып бараткан аялды куткарып калышты
14.07.2023 | 12:37
Баткенде милиция кызматкерлери каналда агып бара жаткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 14-июлда саат 10:00 чамасында катталган.
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери милициянын кенже сержанты Мотоев Мадияр жана милициянын сержанты Мадали уулу Мелис саат 10:00 чамасында Ай-Сай айыл аймагындагы кайгуул-күзѳт кызматын алмаштырууга бара жаткан учурда, Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аялды кѳрүп калышкан. Ошол замат 2 милиция кызматкери сууга секирип, аялды куткарып калышкан. Андан соң куткарылган аялды ооруканага алып кетишкен.
Учурда куткарылган аялдын абалы жакшы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом