Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Өлкөдө тигүү тармагында 50 миң бош жумушчу орун бар – Байсалов
14.07.2023 | 12:23
Кыргызстанда кийим тигүү тармагында жумушчулар жетишпей, ишкерлер чет жактан жалдап келүүгө аргасыз болуп жатышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, Кыргызстанда жумуш орундары өзгөчө тигүү тармагында көбөйүүдө.
“Жумушчулар жетишпейт. Мына азыр 50 миң орун бош! Непал, Бангладеш, Пакистан, Вьетнамдан жалдап келүүгө аргасыз болуп атышат. Үйдө бекер отурган балдар-кыздар жумушка орношуңуздар”, – деп жазган Байсалов.
Буга чейин Wildberriesде беш айда 57 млн долларлык кыргыз товары сатылганы маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом