Баткенде кортеж менен тойго чыккан ээнбаш жаштар кармалды

Баткенде кортеж менен тойго чыккан ээнбаш жаштар кармалды

Баткенде унааларга мыйзамсыз жарык берүүчү сигналды орнотуп алган айдоочулар ээнбаштык үчүн кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда “BMW” жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү авто унаанын башкаруучулары Баткен шаарында Нургазиев көчөсүндө башка айдоочуларга тосколдук жаратып, жолду жаап, тойго чыккан кортежди өткөргөн  видео тасма жарык көргөн.

Бул видео чыгары менен облустун ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп,  унаа айдоочулары кармалган.

Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен, Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айдоочуларга тийиштүү бузуулар жөнүндөгү  айып протоколу толтурулуп, айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короого киргизилди.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызмткерлери айдоочуларга мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>