Өкмөт үйүнүн алдында митинг кылууга уруксат берилген жок. Акцияга кимдер чыкмак?

Өкмөт үйүнүн алдында митинг кылууга уруксат берилген жок. Акцияга кимдер чыкмак?

Бүгүн, 30-августта Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында камактагы активисттердин тарапташтары, туугандары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасамак. Акция саат 10:00гө белгиленген.

Акцияга катышуучулар чогула баштаганда өкмөт үйүнүн алдына милиция кызматкерлери келип, айрым катышуучуларды президенттин администрациясындагы кызматкер менен жолугушууга алып кеткен. Бирок алар президенттин администрациясынын өкүлү менен жолуга элек.

Биринчи май райондук милициясынын башчысынын орун басары Жумадил Шералиев соттун чечимине таянып, өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө болбой турганын айтып, кайрылуу жасоого жол берген жок.

Анын айтымында, шаардагы акциялардын баары 1-сентябрга чейин М. Горький атындагы сейил багында өтүшү керек.

Ал эми кайрылуу жасоого келгендер Баш мыйзам боюнча митинг, акцияларды өткөрүүгө укугу бар экенин айтып, соттун чечими Украинадагы согушка байланышуу митингдерге тиешелүү экенин белгилешти.

Соңунда акциянын катышуучулары кайрылууну Горький сейил багында жасай турган болду.

Кайрылуужасоого камактагы активист Адилет Балтабай, Ырыс Жекшеналиев, Мелис Аспековдун тарапташтары келген.

Мындан тышкары, акцияга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары да катышууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: акция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>