Баткенде мал уурдап Тажикстанга саткан делип эки жаш жигит кармалды

Баткенде мал уурдап Тажикстанга саткан делип эки жаш жигит кармалды

Баткендин Лейлек районунда 3 баш бодо мал уурдап, аларды коңшу мамлекеттеги адамдарга саткан деп шектелип эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Лейлек районунун Кулунду, Максат, Раззаков айылдарынын үч тургуну кайрылып, үлүш жерине байлап койгон бодо малдары 2023-жылдын сентябрынан бери белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирген. Аталган жарандардын бирден бодо малы уурдалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кулунду айылынын 18 жаштагы Г.Ш. жана Т. К.уулу аттуу жарандары кармалган.

Милициянын маалыматы боюнча, аталган эки жаш жигит мал уурдагандан кийин коңшу өлкөнүн (Тажикстандын – ред.) жарандарына телефон аркылуу байланшып, баасын сүйлөшүп, чек арадан өткөрүп берип турган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>