Баткенде милиция кылымдан ашык жашаган 3 энени куттуктады

Баткенде милиция кылымдан ашык жашаган 3 энени куттуктады

Баткенде милиция кызматкерлери 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүн утурлай кылымдан ашык жашап, жашы 100дөн ашкан 3 апаны майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Баткен райондук милициясынын башчысы Алмазбек Шагамурзаев Баткен районунун Рават айылындагы 103 жаштагы Асал Абдиломутова, Кара-Бак айылындагы 104 жаштагы Идаят Мурзабекова жана Самаркандек айылындагы 103 жаштагы Чайпанди Муроталиеваны Карылар күнү менен куттуктап, аларга акчалай жардам, суусундуктарды тапшырган.

«Кылымдан ашуун жашаган апаларыбыз өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгеги бийик экенин билип, аларды урматтап, жакшы шарттарды түзүп берүү милдетибиз экендигин унутпашыбыз керек», — дейт Шагамурзаев.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>