Баткенде «милициямын» деп алдамчылык кылган адам кармалды

Баткенде «милициямын» деп алдамчылык кылган адам кармалды

Баткенде өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга Кызыл-Кыя шаарынын 52 жаштагы З.У. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, быйыл 16-февраль күнү белгисиз адам «Баткен облустук милициясында иштейм» деп ишенимине кирип, анын Өзбекстандын жараны болгон таанышына «Кыргызстандын жарандыгын алып берем» деп 40 миң сом алып, алдап кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучу З.У тергөө учурунда берген көрсөтмөсүнө ылайык, шектүү 40 миң сом акча жана Өзбекстандын жараны Х.А. таандык туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, аскердик билетин жана паспортун алган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Баткен шаарынын 37 жаштагы А.Р. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«Кимде-ким ушундай көрүнүшкө дуушар болгон болсо, 03622 50226  0778 329 992 номерине кайрылсаңыздар болот», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>