Баткенде мыйзамсыз ташылып бара жаткан арыктатуучу чай кармалды

Баткенде мыйзамсыз ташылып бара жаткан арыктатуучу чай кармалды

Баткен облусунда арыктатуучу чайды Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой Батендин Кадамжай районундагы Жаңы-Жер аймагында А.А. аттуу кыргыз жараны башкарган Hyundai Avante унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унааны текшерүү учурунда Кытайда өндүрүлгөн салмакты жана кандагы кантты түшүрүүчү чай, ошнодой эле Кытай жаранына таандык документтер табылган.

Кармалган жүктүн наркы 131 миң сом деп бааланган.

Учурда бардык жагдайлар териштирилгенге чейин унаа Ош шаарындагы терминалга жеткирилген. Ал эми бул фактыга тиешелүү материалдар процессуалдык чечим кабыл алуусу үчүн Ош облустук прокуратурага жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>