Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бишкекте люктун капкагын уурдап жаткан эки жарандын видеосу
26.07.2022 | 17:01
Бишкек шаарында люктун капкагын уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Интернет тармагында 25-июлда Лущихин көчөсүндөгү люктун капкагын эки белгисиз адам уурдап жатканы тартылган видео тараган.
Окуя боюнча милицияга Ленин районундагы аймактык муниципалдык башкармалыгынын төрагасы Т.С. арыз менен кайрылган. Ал 25-июлда саат 02:00дөр чамасында Лущихин менен Калужская көчөлөрүнүн кесилишинде 7 миң сомду түзгөн эки люктун капкагы уурдалганын билдирген.
Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Шектүү катары 23 жаштагы Н.А. жана 31 жаштагы Т.Ы. аттуу жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом