Баткенде облустук прокуратуранын жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 3-июнда, Баткен шаарында Баткен облустук прокуратурасынын административдик имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.
Аземге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Максат Асаналиев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов катышты.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат эки кабаттан туруп, анда прокуратура кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Курулуш иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Белгилей кетсек, 2-3-июнь күндөрү өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Ал аталган облустагы бир катар социалдык объектилерди текшерип, ишканалардын иши менен таанышууда, ошондой эле жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрүүдө.