Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
ШКУнун жыйынына байланыштуу Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылат
03.06.2026 | 09:48

4-июндан 6-июнга чейин Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өтөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Унаа кыймылы чектелүүчү тилкелер:
- Фучик көчөсүнөн Васильевский трактына чейин («Манас» аэропортунун жолу);
- Чүй проспектисинен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин;
- Байтик Баатыр көчөсү.
Мындан улам ИИМ шаар тургундарын жана конокторун жол жүрүү багыттарын алдын ала пландаштырууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом