Баткенде Өзбекстандын жараны аткезчилик жүк менен кармалды

Баткенде Өзбекстандын жараны аткезчилик жүк менен кармалды

Баткенде Өзбекстандан контрабандалык жол менен терезе жана эшик фурнитураларын алып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Өзбекстандын А.И. аттуу жараны башкарып келе жаткан Lacetti унаасын токтотуп, текшерүүгө алган. Унаанын жүк салган бөлүгүндө пластик терезелер жана эшиктер үчүн фурнитура товарлары табылган. Аталган товардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Анын салмагы 632 килограммды түзүп, баасы 198,7 миң сомго жетет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>