16-майга карата аба ырайы

16-майга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын райондорунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +26…+31

Талас облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +24…+29

Баткен облусу

түнкүсүн +12…+17

күндүз +28…+33

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +12…+17

күндүз +28…+33

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +20…+25

Нарын облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +19…+24.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 29…31° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>