Кыргызстанда паранжа кийгендерге жана узун сакал койгондорго айыппул салуу сунушталууда

Кыргызстанда паранжа кийгендерге жана узун сакал койгондорго айыппул салуу сунушталууда

Кыргызстанда коомдук жайларда паранжа, никаб кийип, бетин жаап жүргөн жана узун сакал койгон жарандарга айыппул салуу сушунталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документ депутат Шарапаткан Мажитова тарабынан иштелип чыккан. Депутат бул мыйзам долбоорунун даярдалышына коопсуздук маселесин жүйөө келтирген.

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, адамдын жүзүн идентификациялоого болбогондой бетин жапкан кийим кийген же узун сакал койгон жарандарга 2 миң сом айыппул салуу же 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу каралган. Эгер жаран бул эреже бузууну кайталаса, ага 4 миң сом айыппул салынат же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.

Бул мыйзам Кыргызстанда убактылуу жүргөн, убактылуу иштеп жаткан же дипломатиялык статусу бар чет элдик жарандарга тиешеси жок. Ошондой эле жаран дарыгерлердин сунуштамасы менен бетин жапкан кийим кийсе, ага да айыппул салынбайт.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоор коомдук талкууга гана чыгарылды.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда радикалдык диндик агымдар күчөп жатканын айтып, коомдук жайларда аялдарга бетти жапкан (паранжа, никаб) кийимдерди кийүүгө тыюу салууну сунуштаган.

Кыргызстанда никаб менен паранжа кийүүгө тыюу салуу сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>