Колдонулган, жараксыз унаа номурларын сатуу боюнча экинчи аукцион өткөрүлөт

Колдонулган, жараксыз унаа номурларын сатуу боюнча экинчи аукцион өткөрүлөт

24-августта Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемесинде транспорт каражаттарынын пайдаланылган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номурларын сатуу боюнча экинчи ачык аукцион өткөрүлөт. Мындай маалыматты ИИМден билдиришти.

Аукционго катышуу үчүн арыздар 2022-жылдын 15-июлунан 15-августу саат 18.00гө чейин Бишкек шаарынын  Ч.Валиханов, 2а, №5 кабинет дарегинде кабыл алынат.

Жалпы салмагы 74 миң 601 кг түстүү металл (сыныктары – алюминий).

«Сатуу бир пакетте жүргүзүлөт, товарды бөлүштүрүүгө жол берилбейт. 1 кг баштапкы баасы 90 сом, өз алдынча жеткирүү шарты менен.

Металлды сатуудан түшкөн бардык каражаттар мамлекеттик бюджетке чегерилет», — деп билдирди ИИМ.

Белгиленгендей, 2021-жылдын апрель айында унаада колдонулган жана жокко чыгарылган мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча биринчи ачык аукцион өткөрүлгөн. Аукциондун жыйынтыгында металлды сатуудан түшкөн 11 миллион 920 миң сом өлчөмүндөгү каражаттар мамлекеттик бюджетке чегерилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>