Бишкекте баатыр энелер сыйланды

Бишкекте баатыр энелер сыйланды

Бишкек шаарындагы бир катар райондордун акимдери баатыр энелерди Энелер күнү менен куттукташты. Аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май районунда төмөнкү баатыр энелер сыйланды: 

— Байдавлетова Маржанбү, 1932-жылы туулган, 11 баланын (5 уул, 6 кыз) энеси;

— Чунгулова Токтобүбү, 1966-жылы туулган, 7 баланын (5 уул, 2 кыз) энеси;

— Темирканова Гүлбарчын, 1977-жылы туулган, 7 баланын (1 уул, 6 кыз) энеси.

Жалпысынан райондук  социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 252 көп балалуу эне турат, анын ичинен 166сы «Баатыр эне» ордени, 83ү «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Свердлов районунун жетекчилиги да баатыр энелерди куттуктады.

Жалпысынан Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 217 көп балалуу эне катталган,  анын ичинде:

— «Баатыр эне» орденин алган (7 жана андан көп баласы бар) — 147;

— «Эне даңкы» медалынын ээси (6 балалуу) — 70.

Ленин районунун акими Мураталы Тагаев да баатыр энелерди куттуктады:

— Ындыгараева Апал, 1955-жылы туулган, 9 баланыг (5 уул, 4 кыз) энеси;

— Амираева Миргүл, 1981-жылы туулган, 10 баланын (4 уул, 6 кыз) энеси;

— Майрамбек кызы Наргиза, 1993-жылы туулган, 7 баланын (4 уул, 3 кыз) энеси.

Жалпысынан райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 224 көп балалуу эне болсо, алардын 153ү “Баатыр эне” ордени, 71и “Эне даңкы” медалдары менен сыйланып, аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Октябрь райондук администрациясы да баатыр энелерди куттуктады: 

— Молдогазиева Уулбүбү, 1945-жылы туулган, 7 кыз, 1 уулду тарбиялаган;

— Сулайманова Айнура, 1982-жылы туулган, 8 баланын (5 уул, 3 кыз) энеси;

— Кайыкова Тахмина, 1986-жылы туулган, 8 баланын (7 кыз, 1 уул) энеси;

— Абытова Гүлбарчын, 1977-жылы туулган, 7 баланын (2 уул, 5 кыз) энеси;

— Мумежанова Екатерина, 1983-жылы туулган, 6 баланын (5 уул, 1 кыз)  энеси;

Райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда жалпысынан 149 көп балалуу эне бар, анын ичинен 85и «Баатыр эне» ордени, 59у «Эне даңкы» медалы менен сыйланган. Аларга бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү.

«Баатыр эне» ордени менен сыйланган көп балалуу энелерге жана «Эне даңкы» медалы менен сыйланган энелерге 1000 сомдон жалпы 217 миң сомдук бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>