Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Баткенде унаа толугу менен күйүп кетти
06.06.2022 | 22:50
Кадамжай районунун аймагындагы Ош-Исфана унаа жолунун болжолдуу 120-чакырымында АСJ Хундай аванте үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тилсиз жоо менен күрөшүүгө 3 куткаруучу тартылган. Саат 16:22де өрт чектөөгө алынып, саат 16:30да толугу менен өчүрүлгөн.
Тилекке каршы унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Өрттүн себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар