Маймыл чечек оорусу кантип пайда болот жана эмнеси менен кооптуу?

Маймыл чечек оорусу кантип пайда болот жана эмнеси менен кооптуу?

Ушул жылдын май айынын башынан тарта Британияда маймыл чечек оорусунун 11 учуру катталган. Бул тууралуу КРдин Covid-19 боюнча республикалык штабы билдирди.

Маалыматка караганда, оорунун учурлары Германия, Италия, Бельгия, Франция, Португалия, Канада, АКШ жана Австралияда катталды. Илдетке кабылгандардын саны боюнча Испания алдынкы орунда (30) турат.

ДССУ эксперттердин тобун маймыл чечек оорусунун күчөшүн талкуулоо үчүн чукул жыйынга чакырды.

Маймыл чечеги – 1958-жылы белгиленген жугуштуу оору. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алган адамдардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бирлери кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын, байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн.

Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездери шишип, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Оорунун биринчи учуру Израилде аныкталган. ДССУдан ушул тапта оору жуктурган 37 учур боюнча маалымат бар экендигин айтышты. Дагы 71и изилденип жатат. Изилдөөлөр маймыл чечек оорусу чечекке бир кыйла окшош экенин көрсөттү. Оору орто эсеп менен 14 күндөн 21 күнгө чейин созулуп, өзү өтүп кетет. Маймыл чечек оорусунда адам өлүмүнүн учурларынын коэффиценти 1ден 10%га чейин.

РФ Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы Россияга маймыл чечегин алып келүү тобокелдиги бир кыйла төмөн деп ырасташууда. “Вектор” россиялык борбору бул илдетке чалдыгуу учурларын аныктай турган автономдук тест-системасын иштеп чыгышты.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы: “натыйжалуу, спецификалык жана кызамык, кызылча жана суу чечек менен кайчылаш реакцияларды көрсөтпөйт».

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>