Баткенде жабыркаган ишкерлердин насыясын кечүү сунушталды

Баткенде жабыркаган ишкерлердин насыясын кечүү сунушталды

Жогорку Кеңештин 13-апрелдеги жыйынында “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Улугбек Календеров белгилегендей, мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин “2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине зыяндын ордун толтуруу тартибин бекитүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык мурда бөлүнгөн 15 млн сом суммасындагы бюджеттик кредитти эсептен чыгаруу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, чек арадагы жаңжалда жабыркаган 75 ишкерге 200 миң сомдон берилген кредитти кечүү сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев берилген мүмкүнчүлүктү туура эмес пайдаланып, шылуундар да буга чейин алган насыяларынан кутулуп кетпесин деген кабатырлануусун билдирди.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов ишкердин жаңжалдан кийинки негизги чыгымы канча болгонун сурады. Өз кезегинде Министрлер кабинетинин өкүлү ишкерлер 311 млн 43 миң сомго жабыр тартышканын маалымдады.

Андан тышкары депутат Миргүл Темирбаева жабыркаган ишкерлер кайсы райондордон экенине кызыкты.

Белгилүү болгондой, Баткен районунын 2, Лейлек районунын 73 ишкердик субъект кирген.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>