Баткенде жабыркаган ишкерлерге 0,1% менен насыя берилет

Баткенде жабыркаган ишкерлерге 0,1% менен насыя берилет

Мамлекеттик колдоонун алкагында Баткен облусунун ишкерлери жеңилдетилген насыяларды жана бир жолку төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтому менен 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарбакер субъекттерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартиби бекитилди.

«Анда жабыркаган 76 ишкерге жылына 0,1% менен 200 миң сомдон бюджеттик насыя берүү каралган. Акча күрөөсүз негизде, үч жыл төлөө мөөнөтү менен берилет. Ошондой эле жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыян үчүн жалпы суммасы 14,5 миллион сом өлчөмүндө бир жолку компенсация бөлүп берүү каралган», — деди Урустемов.

Ал кошумчалагандай, жарлыкка ылайык, буга чейин Лейлек жана Баткен райондорунун 52 чарба жүргүзүүчү субъектилерине 200 миң сомдон бир жолку компенсация, дагы 44 субъектиге жеңилдетилген өлчөмдөгү бюджеттик насыя берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>