Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Орусия: Ульяновск шаарында кыргыз жигитин бычактап өлтүрдү
21.12.2021 | 16:27
Орусиянын Ульяновск шаарында кыргыз жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында REGNUM жазды.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 20-декабрдын кечинде болгон. Кафелердин биринде 21 жаштагы орус улутундагы жигит 20 жаштагы кыргыз улутундагы кесиптешине бычак сайган. Окуя кайым-айтышуудан ырбаган. Мындан улам чыр мушташка айланган. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза тапкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголгон. Орусиянын кылмыш-жаза кодексинин 105 (“Киши өлтүрүү”). Бир катар экспертизалар дайындалды, тергөө иштери уланууда.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар