Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Ош: Унаасын чимирилте ойноткон айдоочу табылды (ВИДЕО)
21.12.2021 | 15:55
Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишиндеги «Манас» айлампасында унаасын чимирилте айдаган айдоочу колго түштү. Бул туурасында Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, социалдык тармакка тараган видеодон кийин унааны табуу үчүн иштер башталган. Бир сааттын ичинде Кара-Суу районунун аймагынан Кара-Суу районунун тургуну 28 жаштагы У.А. унаасын айдап жүргөн жеринен токтотулган.
Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (автобейбаштык) 1-бөлүмүнүн негизинде протокол түзүлүп, автоунаа атайын айып короого токтотулган. Ал эми айдоочу жол эрежесин билбегени үчүн унаасын чимирилте айдаганын айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар