Баткенде жабыркагандар үчүн 2 гана үй курулуп бүттү

Баткенде жабыркагандар үчүн 2 гана үй курулуп бүттү

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 2022-жылы Баткен облусунда орун алган окуялардын кесепетинен жабыр тарткан айрым калктуу конуштарды калыбына келтирүү боюнча (социалдык багыттагы жана жеке турак – жай объекттерин, жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушу) аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маселе каралды.  Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Алсак, Нуртазин Джетыбаевдин айтымында, мекемелер аралык комиссия жабыркаган 420 үйдү аныктап, анын ичинен 416 үй учурда курулууда.

“1 үй Баткен шаарында, 315 үй Баткен районунда, 104 үй Лейлек районунда жайгашкан», — деген Нуртазин Джетыбаев «Аманат Курулуш Инвест» ЖЧКсы курулушту аткаруучу болуп саналарын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө Каржы министрлиги 3 транш менен 1 млрд 400 млн сом бөлгөн. Талкуу маалында депутаттар иштин чабалдыгына, Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча иштер артта калып жаткандыгына, жер которгондор боюнча маалыматтардын жоктугуна, билим берүү мекемелери жабыр тарткан балдардын билим алуусуна шарт түзбөй жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Депутат Тазабек Икрамов курулуш иштери качан башталып, канча объект бүткөрүлгөнүн сурады.

Бул суроого жооп берген Нуртазин Джетыбаев курулуш 22-октябрда башталып, бүгүнкү күндө 2 объект бүткөрүлүп, 121 үйдүн дубалы тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып, 9 үйдүн чатыры толугу менен бүткөрүлгөнүн маалымдады.

Андан тышкары, депутат Бактыбек Сыдыковдун “Эмне үчүн бир гана компания подрядчы?” деген суроосуна Нуртазин Джетыбаев аталган компания өзгөчө кырдаалдар шартында котировка ыкмасы менен тандалып алынганын, учурда 33 субподрядчик иштеп жатканын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>