Балыкчыда окуучу кызды сүзүп, качып кеткен ага-ини милиционерлер камалды

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп, качып кеткен ага-ини милиционерлер камалды

Балыкчыда жөө өтмөктөн өтүп бараткан окуучу кызды сүзүп кеткен окуяга байланыштуу шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бектур Осмонбаев Каракол шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгү (коркунучта калтыруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле бул иш боюнча дагы бир шектүү — Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков да Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал да буга чейин ички иштер органдарында иштеген.

Эскерте кетсек, окуя 26-январда Балыкчыда болгон. Шаардык милициянын кызматтык унаасы 11 жаштагы кызды сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. 11 жаштагы кыз жергиликтүү оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Кийин унаада эки милиция кызматкери — Балыкчы шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев жана анын иниси болгону аныкталган.

Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлиги билдиргендей, териштирүү иштеринен кийин Балыкчы шаардык милициянын жетекчиси Бектур Осмонбаев менен анын иниси кызматтан алынган. Министрликтин маалыматы боюнча, Осмонбаевдин иниси күнөөнү өзүнө алып, кырсык болгон учурда унааны ал башкарып бара жатканын айткан.

Reporter.kg′ге өздүк булактар билдиргендей, Бектур Осмонбаев окуучу кызды сүзүп кеткен деп шектелүүдө.

26-январда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы коомчулукка кайрылуу жасап, кырсык болгондо унааны шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонбаев айдап бара жатканын жана ал мас абалда болгонун билдирип чыккан. Анын айтымында, Осмонбаев наркологиядагы текшерүүгө өзүнүн инисин жөнөтүп койгон.

Кызы оор абалда реанимацияда жатканын айткан ата президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, бул маселени көзөмөлүнө алып берүүнү суранган.

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп кетти делген милициянын мурдагы башчысы кармалды

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>