Бишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилдиЭми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышатӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталуудаМихаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келетКыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыкты
Баткендеги «Арак-шарап заводу» мамлекетке кайтарылды
06.05.2025 | 14:24
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен «Арак-шарап заводу» мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 1997-жылы аталган айыл аймагынын тургундарынын элдик жыйынынын чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсы түзүлүп, арак-шарап чыгаруучу ишкана жеке менчикке өткөрүлгөн.
Андан кийин 2006-жылы аталган завод 2 гектар 89 сотых жери менен чет элдик катышуусу бар жеке фирмага арзан баага сатылып кеткени аныкталган.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында, аталган «Арак-шарап заводунун» жетекчилиги ыктыярдуу негизде заводдун мүлкүн жана жер тилкесин толугу менен мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар