Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
ӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
03.08.2026 | 11:56

Бүгүн, 3-августтун экинчи жарымында жана 4-августтан 6-августка чейин Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда катуу нөшөрлүү жаан күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Аталган күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү жана суу каптоо коркунучу жогорулайт. ӨКМ жарандарды жана туристтерди этият болууга, дарыялардын нугуна жана сел каналдарына жакын барбоого чакырат. Ошондой эле тоолуу аймактарга сапарга чыгууда аба ырайынын божомолун эске алуу сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом