Кыргызстан менен Азербайжан союздаш болушту — Садыр Жапаровдун билдирүүсү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-июлда мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКлар үчүн билдирүү жасады.

«Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы саясий диалог бүгүн эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм. Туруктуу байланыштар жана өз ара ишеним бүгүн түзүлгөн союздаштык мамилелерди андан ары бекемдөө үчүн бекем негиз түзөт», — деди Жапаров.
Мамлекет башчысынын айтымында, президенттер кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын бардык маселелери боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Алардын төрагалыгы астында Мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйыны өтүп, жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуунун башкы жыйынтыгы — Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлушу болду. Садыр Жапаров муну эки өлкөнүн кызматташтыгындагы жаңы этапты белгилеген тарыхый окуя деп атады.
Мындан тышкары, тараптар энергетика, транспорт, киберкоопсуздук, билим берүү, финансы рыногун жөнгө салуу жана баалуу металлдарды жүгүртүү чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюшту.

Жапаров соода-экономикалык кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын жана өз ара товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн белгиледи. Анын айтымында, тараптар ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындан ары да ыңгайлуу шарттарды түзүүнү макулдашты.
Жапаров ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында үч биргелешкен долбоор ачылганын жана дагы сегиз демилгени ишке ашырууга старт берилгенин билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн транзиттик потенциалын колдонууга өзгөчө көңүл бурулду. Президент Азербайжандын Борбордук Азияны европалык рыноктор менен байланыштырган Орто коридордун (Средний коридор) негизги звенолорунун бири катары маанилүү ролун баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар энергетика тармагындагы кызматташтыктын келечегин жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Кыргызстандын президенти ошондой эле 31-июлда Ысык-Көлдүн жээгинде азербайжан тарап курган биринчи беш жылдыздуу мейманкананын салтанаттуу ачылышы болорун билдирди. Анын айтымында, бул долбоор элдердин ортосундагы достуктун символу болуп калат жана республиканын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

Сөзүнүн аягында Жапаров Илхам Алиевди VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, «ШКУ+» саммитине жана 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.
Президент жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Азербайжандын союздаштык мамилелерди андан ары тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуусун тастыктаарын баса белгиледи.