Баткенде мыйзамсыз миграция уюштурган шектүү кармалды

Баткенде мыйзамсыз миграция уюштурган шектүү кармалды

Баткендин Кадамжай районунда мыйзамсыз миграцияны уюштурган чет өлкөлүк жаран кармалды. Блу тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Өзбекстандын 36 жаштагы И.Г. аттуу жараны чек араны мыйзамсыз кесип кирип, Үч-Коргон айыл аймагындагы наабайканада иштеп жүргөнүн аныктаган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган жаранды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып келип, мыйзамсыз иштетүүгө шектүү катары Өзбекстандын 39 жаштагы У.О. аттуу жараны кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>