Баткендеги сел 20 млн сомдон ашык чыгымга алып келди

10.05.2026 | 14:47

Баткен облусундагы сел кырсыктарынан жалпы 20 миллион 800 миң сом чыгым келтирилди. Бул тууралуу облустагы жарандык коргонуу кызматтарынын отурумунда белгилүү болду.

Жыйын президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов жетекчилигинде өттү. Отурумда Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен болгон сел кырсыктарынын зыянын аныктоо жана жоюу иштери талкууланды.

Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, жабыркаган турак үйлөр толугу менен селден тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктаган. Коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүлгөн тургундар үйлөрүнө кайтарылган. Ал эми жашоого жараксыз болуп калган эки үй-бүлө убактылуу турак жайларга жайгаштырылган.

Мындан тышкары, жыйында күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.

Эске салсак, апрель айынын аягынан тарта жааган жаан-чачындан улам Баткен облусунун аталган аймактарында сел жүргөн. Натыйжада аймакта “өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, жүздөгөн тургундар эвакуацияланган. Сел 50дөй турак үйдү каптап, ондой үйдүн ичине суу кирген.

Scroll to Top