Ош шаарында Санкт-Петербург көчөсү оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарында реконструкциядан өткөн Санкт-Петербург көчөсү пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, көчөнүн ачылышы 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө карата уюштурулду. Иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Орусиянын жана Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдуктарынын өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Жаңы реконструкцияланган көчө 49-көчө аркылуу Мамыров көчөсүнө туташат. Долбоордун алкагында 49-көчөнү бириктирген жаңы көпүрө да курулуп, пайдаланууга берилди.
Узундугу дээрлик бир чакырым болгон көчөдө кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар иретке келтирилип, электр мамычалары жаңыланган. Ошондой эле түнкү жарыктандыруу орнотулуп, тротуарлар жана ирригациялык система жасалган.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн мэр Жанарбек Акаев шаар тургундарын Жеңиш күнү жана жаңы жолдун ачылышы менен куттуктап, учурда шаар боюнча 50 чакырымга жакын жол оңдолуп жатканын билдирген.