Жаңы Ош базары август айында ачылат. Президент курулуштун жүрүшү менен таанышты

10.05.2026 | 18:20

Бишкектин четиндеги жаңы Ош базары 2026-жылдын жайынын аягына чейин курулуп бүтөт. Мындан улам борбор калаанын чок ортосунда курулган мурунку Ош базары өз ишин токтотот, анын ордуна сейил бак курулуп, оорукана салынат. Долбоор Президенттин иш башкармалыгынын жеке көзөмөлү астында ишке ашырылууда жана ал базар соодасын уюштуруудагы жаңы деңгээл болушу керек.

Өлкө башчы Садыр Жапаров 10-майда Бишкектеги жаңы Ош базарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына борбор калаадагы эң ири инфратүзүмдүк объектилердин бири боло турган келечектеги соода-базар комплексинин параметрлери тааныштырылды.

Эмнелер курулат?

Жаңы базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана жер төлөдөн турат. Долбоордо 10 миңден ашык соода орду каралган (салыштыруу иретинде, эски базарда 6,7 миңге жакын орун бар). Ар бир блокто аянттар тийиштүү соода багыттарына жараша бөлүштүрүлөт. Комплекс өзүнө кампа жайларын, коомдук тамактануу зоналарын, 400 орундуу жер астындагы парковканы жана 6 миң унаага ылайыкталган сырткы унаа токтотуучу жайды камтыйт. Президенттин администрациясынын маалыматы боюнча, жыл бою соода жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Курулуш иштерин 2026-жылдын август айына чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда. Борбор калаанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан азыркы Ош базары жаңысы бүткөндөн кийин гана көчүрүлөт. Жаңы комплекс Бишкектин түндүк-батышында, Пригородное айылынан кийин, «Манас» аэропортуна баруучу жолдун боюнда курулуп жатат.

Эмнелер бузулат?

Шаардын батыш тарабына базар куруу идеясы 1980-жылдардын башында, азыркы Жеңиш аянты жайгашкан жердеги «Жашыл базарды» бузуу чечиминен кийин пайда болгон. Жаңы базардын курулушу 1982-жылы эл арасында «Советтик» деп аталган эски Ала-Арча колхоз базарынын ордунда башталган. Объектини Ош облусунан келген куруучулар салгандыктан, ал «Ош базары» деген атка ээ болгон.

Каржылоо Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигинин, Ош жана Нарын облустарынын колхоздорунун, ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн. «Ош базары» соода-базар комплексинин расмий ачылышы 1983-жылдын 4-июнунда болгон. Комплекстин архитектуралык стили улуттук колорит жана оригиналдуу көркөм образы менен айырмаланган.

Бирок, убакыттын өтүшү менен базар эскире баштаган. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ош базарынын айланасы «антисанитариянын, көмүскө экономиканын жана көчө кылмыштуулугунун очогуна» айланган. Базардын тегерегинде стихиялуу соода түйүндөрү көбөйүп, бул салык төлөгөн расмий ишкерлердин нааразычылыгын жараткан.

Азыркы Ош базары жайгашкан Чүй — Бейшеналиева — Токтогул — Павлов көчөлөрү кесилишкен аймакта мындан ары соода түйүндөрү болбойт. Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев билдиргендей, бул жерде социалдык объект: медициналык борбор, сквер жана парк пайда болот. Жапаров өзү да буга чейин базардын ордуна парк куруларын жарыялаган.

Базарды көчүрүү чечими ишкерлердин тынчсыздануусун жаратууда. Аларга жаңы соода орундары убада кылынганы менен, азырынча бул «ооз жүзүндө» гана айтылууда. Көпчүлүк шаардын сыртында мурдагыдай кардарлардын агымы болобу деп кооптонушат. Анын үстүнө акыркы убакта эски Ош базарында деле соода басаңдап, келүүчүлөр азайгандыктан, киреше учурдагы чыгымдарды жаппай жатканы байкалууда.

Бийлик өз кезегинде көчүрүү иштери этап-этабы менен жана уюшкандыкта жүргүзүлөрүн убада кылууда. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы объект толук даяр болмоюнча эски базарды мажбурлап жаппай турганын билдирди.

Scroll to Top