ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Баткендеги суу сактагычка чөгүп кеткен экинчи баланын сөөгү табылды
18.05.2023 | 15:26
Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн экинчи өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат түшкөн.
ӨКМдин издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынын издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.
Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөөгө 18-май күнү да ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом